Биз менен байланышыңыз

Унаалардын каптал айнектерин караңгылатууга депутаттар макулдук беришти

Саясат | 9 Фев 2022 | 1147 | 1

Жогорку Кеңеш 9-февралдагы жалпы жыйында унаалардын алдыңкы эшигинин айнегин караңгылатууга акча төлөтүү жолу аркылуу мыйзамдуу уруксат берүү маселесин камтыган мыйзам долбоорун карашты. Бул мыйзам Министрлер кабинетинин демилгеси менен сунушталган. Мындагы максат өлкө казынасына салыктык эмес кирешелердин түшүүсүн көбөйтүү экенин маалымдашкан. Коомчулукта унаалардын айнектерин караңгылатуу жаатында ар түрдүү ойлор айтылып келет. Маселеге депутаттар кандай карашарын алдыда айтып беребиз.   

Унаалардын алдыңкы эшиктеринин айнегин караңгылатууга мыйзамдын негизинде уруксат берүү үчүн төлөм киргизүүнү караган мыйзам долбоорунун негизи максаты боюнча Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат берди.

Анын айтымында, унааларга айнектерин караңгылатууга уруксат берүү, эсепке алуу жана байкоо жүргүзүү Carcheck элекрондук тиркемеси аркылуу ишке ашат.

«Сунуш кылынган мыйзам долбоорунда каптал айнектерин гана караңгылатуу каралат. Бул өз кезегинде алдыңкы айнектен жарыктын өтүшүнө тоскоолдук жаратпайт. Дүйнөлүк практиканын анализи көрсөткөндөй, унаалардын каптал айнектерин караңгылатуу өнүккөн өлкөлөрдө колдонулат. Мисалы, АКШда, Японияда, Кытайда жана башкаларда. Кошумчалай кетсек, унаалардын алдыңкы эшиктеринин айнектерин акы төлөп караңгылатууга Өзбекстан менен Тажикстанда уруксат берилген. Унааларга айнектерин караңгылатууга уруксат берүү, эсепке алуу жана аракетин токтотуу тартиби, жыйындын өлчөмү Министрлер кабинети тарабынан сунушталууда. Анда унаалардын айнектерин караңгылатууга уруксат берүү, эсепке алуу жана байкоо жүргүзүү Carcheck элекрондук тиркемеси аркылуу жүргүзүлүп, негизги ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ишке ашырылат».

Талкуу маалында депутат Айбек Осмонов унаалардын алдыңкы эшигинин терезелерин караңгылатуудан бир жылда канча каражат түшөрүнө жана жол кырсыктарына канчалык таасир этерине кызыкты.

Министр алдын ала так маалымат бере албай турганын белгилеп, жыл сайын 20 миң унаанын терезеси караңгылатары болжолдонуп жатканын айтты.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов унаалардын терезелерин караңгылатуу жол кырсыктарынын көбөйүшүнө канчалык таасир берери бир да өлкөдө иликтенбегенин, андыктан бул боюнча алдын ала бир нерсе дей албасын айтты.

«Дүйнө жүзүндөгү бардык тажрыйбаларды изилдеп чыктык. Унаалардын айнектерин караңгылатуу канчалык деңгээлде жол кырсыктарына таасир бере турганы боюнча эч кандай изилдөө болбоптур. Эми ушул долбоорду колдоп берсеңер, бизге база түзүлөт. Базанын негизинде айнеги караңгылатылган унаалардын катышуусунда канча жол кырысыгы каттала турганын, кесеспети кандай болорун талдап чыгабыз. Эч бир өлкөдө мындай иликтөө болбоптур, ошондуктан канчалык деңгээлде таасир берерин айта албай жатабыз».

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев унаалардын айнектерин караңгылатуу менен жол кырсыктары кескин көбөйүп бара жатса, анда мыйзам боюнча сунуштарды кайрадан беришерин кошумчалады.

«Бул боюнча талдоо жүргүзүлөт. Эгерде кескин түрдө жол эрежелеринин бузуунун саны көбөйсө, анда биз бул мыйзам боюнча өзүбүздүн сунуштарды кайрадан беребиз. 3 айлык, 6 айлык жана бир жылдык анализ чыгарылат. Айнектерди караңыгылатуу жол кырсыктарынын өсүүсүнө алып келдиби-жокпу, анализдеп туруп, Министрлер кабинетине сунуш менен киребиз».

Буга чейин унаасынын алдыңкы эшигинин айнегин караңгылаткан айдоочуларга 5500 сом айып пул каралган. Бир жылдын ичинде мыйзам бузгандардын саны 2 миң 700дөн 3 миңге чейин болгон. Акыркы 6 жылдын ичинде 22 миңдей айдоочу кармалган.

Учурдагы мыйзам кабыл алынса, алдыңкы эшигинин айнегин караңгылатуу үчүн унаанын кайсы түрү болбосун, бирдей баа коюлат. А бирок такси, коомдук жана жүк ташуучу унааларга тыюу салынат.

Депутат Ырысбек Атажанов унаалардын терезесин караңгылатуудан түшкөн акчаны бир багытта иштетип, Баткен облусуна социалдык имараттарды куруу үчүн жумшоо сунушун берди.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев унааларды караңгылатуу 50 миң сом болсо, уруксаты жок караңгылаткандарга айып пулду 70 миң сом кылуу коррупцияга жол ача турганын эскертип, түшкөн айып пулдун 50%ын патрулдук милицияга берүүнү сунуштады.

«Унаалардын айнегин караңгылатуу 50 миң сом болсо, уруксаты жок караңгылаткандарга айып пулду 70 миң сом кылсаңыздар, анда жөнөкөй жарандар патрулдук милицияга 10-15 миң сом берип, айып пулдан кутулуу аракетин жасайт. Айып пулдан түшкөн каражаттын 50%ын кызматкерлерге берүү сунушун киргизип койбойлубу? Ошондо коррупция менен күрөш да чындык болот. Эртең патрулдук милиция да өз ишине реалдуу карайт. Азыр ансыз деле айнектерин мыйзамсыз караңгылатып жүргөндөр бар. Алар жеринде акчасын берип кете беришет. А бул сунушту киргизсек, бул маселе да жабылат эле».

Ал эми депутат Жеңишбек Токторбаев аталган мыйзам долбооруна 100% каршы экенин билдирип, акча табууну көздөп, адам өмүрүнө коркунуч жаратпоого чакырды.

«Мен бул мыйзам долбоорун таптакыр колдобойм жана ошол эле учурда каршымын. Болжол менен 800 млн сом түшөт деп айтылып жатат. Ушул 800 миллионго канчалаган адамдын өмүрүн алмаштырбашыбыз керек. Мен унаанын терезесин караңгылатуунун зарылчылыгы дагы жок деп ойлойм».

Талкуу соңунда депутаттардын сунуш-пикирлери да эске алынсын деген талап менен мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

1 пикир

1 пикир

  1. Мир

    11.02.2022 21:13

    Машынанын айнегин каранкылатса жакшы бирок бир суроо упускать алган машина омуру откучонду карангы болобу же жылына толоп турабы акчасын.менин оюум боюнча 5000.кылып жылда толойтурган болсо баарына бирдей болмок бай же кедей дебей

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM