Connect with us

ЮНИСЕФ: Африкада 20 миллиондон ашык адам сууга жана азык-түлүккө муктаж болот

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Фев 2022 | 885 | 0

ЮНИСЕФ Африкадагы 20 миллиондон ашык адам алдыдагы алты айда сууга жана азык-түлүк жардамына муктаж болорун жарыялады.

ЮНИСЕФтин Чыгыш жана Түштүк Африка боюнча аймактык директору Мохаммед Малик Фолл журналисттерге Эритрея, Эфиопия, Кения жана Сомалиде гуманитардык кризис күчөп жатканын билдирди.

«Кийинки алты айдын ичинде Эритрея, Эфиопия, Кения жана Сомалиде 20 миллиондон ашык адам чукул гуманитардык жардамга муктаж болот», — деди Фолл.

Анын айтымында, аймактагы акыркы кырк жылдан бери кайталана элек бул кырдаалдан кургакчылык каптап, азык-түлүк тартыштыгы пайда болуп, эл сууга, тамак-ашка муктаждыктан, андан пайда болгон эпидемиядан сактануу үчүн көчүп кетип жатканын маалымдады. Андан тышкары үй жандыктары кырылып калганын да белгилеп өттү.

Эритрея, Эфиопия, Кения жана Сомалидеги кургакчылыктан улам 5,5 миллион бала ачкачылыкка дуушар болгонун айткан Фол : «Алдыбыздагы үч айда жамгыр жаабаса, бул сан эки эсеге көбөйөт», — деп кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM