Биз менен байланышыңыз

Депутаттар курулуш тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырышты

Саясат | 8 Фев 2022 | 1000 | 0

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жана анын бөлүмдөрүнүн 2021-жылда аткарган иштери, учурдагы планы талкууланды. Депутаттар негизинен курулушу кечигип жаткан, жарым калган мектептер, сапатсыз курулуштар жана бул тармактагы коррупциялык элементтер боюнча маселе көтөрүштү. Ошондой эле мамкурулуштун директоруна ар түрдүү сын-пикирлерди жана сунуштарды айтышты. Жыйындагы урунтуу учурларга алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин бүгүнкү жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов өткөн жылда аткарылган иштер боюнча маалымат берип, 2022-жылы «көп жылдык» курулуштарды жана авариялык мектептердин жаңы имараттарын бүтүрүү пландалып жатканын билдирди.

«2021-жылы өлкөдө капиталдык салымдарды өздөштүрүү боюнча 367 имаратка 2 млрд 787 млн 500 миң сом каралган. Каржы министрлиги тарабынан 2 млрд 749 млн 400 миң сом бөлүнүп, планга кирген 95 объектинин ордуна 109 имарат салынган.  Өткөн жылы мамлекеттик экспертизага 2088 долбоорлук-сметалык документ түшкөн. Алардын ичинен 1729 долбоор биринчи тапшырылганда эле жактырылган. Учурда Кыргызстанда курулуш тармагында 5 миң юридикалык жана жеке жак лицензия алган. 2021-жылы курулуш жүргүзүүгө 520 лицензия, 2618 квалификациялык сертификат берилген».

Өз кезегинде каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева быйылкы жылга 3 миллиард сом каралганын, анын ичинен Бишкек шаарында 15 орто мектеп жана 1 мектепке чейинки билим берүү мекемеси курулуп жатканын белгилеп: «Калган объектилер боюнча каржылоо булактары аныктала элек», — деп кошумчалады.

Токтомамбет Сатышов республика боюнча 2010-2021-жылдар аралыгында курулушу токтоп калган 421 имарат аныкталганын, анын 90%ы билим берүү мекемелери, 10%ы бала бакча, ФАПтар жана башка объектилер экенин маалымдады.

Жыйынга атайын Сузак районунан келген ардагер мугалим Маматкарим Мырзабеков жаңы мектеп салдыруу үчүн 27 жолу кат жолдоп, бирок дагы деле мектеп курула электигин айтып, мектеп курууга жардам берүүнү суранды.

«Сузак районунун Кашка-Терек айылындагы мектепке жаңы имарат салдыруу үчүн 2013-жылдан бери 27 жолу кат жолдодум, бирок дагы деле курула элек. Мектепте 350 окуучу эки нөөмөт менен окуп, 30 мугалим билим берет. Имараты 1974-жылы фин тибинде курулган. Учурда жыгачтары чирип, кооптуу абалда турат. Капиталдык оңдоодон өткөрүүгө да болбой калган. 2016-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак райондук бөлүмү мектепти колдонууга жараксыз деген чечим чыгарган. Бирок авариялык абалга карабай, ушул кезде да сабактар өтүлүп жатат».

Талкуу маалында депутаттар шаар куруу тармагындагы орун алган көйгөйлөргө өзгөчө көңүл буруп, мурда башталган бардык социалдык объектилердин курулушун бүткөрүү жана курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.

Депутат Айбек Алтынбеков курулуш тармагындагы коррупциялык элементтерди атап, тендердик комиссиянын шалаакылыгынан сапатсыз имараттар салынып жатканын сындады.

«Эмне үчүн дегенде ал жерде 10% алмайынча аткаруучу компанияларга уруксат бербейт. Муну баарыбыз эле билебиз. Мамлекеттик заказдарды аткарып, мектеп, бала бакча курган компанияларды билебиз. Тендердик комиссия курулуштун  3%дан 10%га чейинки акчасын бермейинче, ал компанияны тендерден утту деп эсептебейт. Ошол коррупцияларды жоюу боюнча эмне иштер аткарылып жатат?».

Ага жооп катары Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов курулуш тармагындагы коррупциялык элементтер токтогонун билдирди.

«Биздин көңүл чордонубуздагы негизги маселе: коррупциялык схемаларды жоюу. Азыр коррупциялык схемалар токтоду, токтоттурдук».

Ал эми депутат Жаныбек Абиров борбор калаанын Башкы планын иштеп чыгуу, курулуш нормаларын, эрежелерин кайрадан кароо жана Бишкектин ар кайсы аймактарындагы башаламан имараттарды иретке келтирүү маселелерин көтөрдү. Ошондой эле депутат борборду куруу боюнча концепциянын жоктугуна нааразычылыгын билдирди.

Жыйындын соңунда комитет мүчөлөрү Министрлер кабинетине курулуш тармагындагы инвестициялык климатты жакшыртуу, тармактагы коррупциялык схемаларды жоюу жана көзөмөлдү күчөтүү багытында архитектура жана шаар куруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды кайра карап чыгуу боюнча чараларды көрүүнү сунушташты.

Кошумчалай кетсек, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башкаруу системасы борбордук аппараттан, 6 ведомстволук мекемеден жана 54 аймактык башкармалыктан турат. Аларда жалпысынан 1825 кызматкер эмгектенет.

Copyright © 2017 Maral FM