Биз менен байланышыңыз

Бээжин сапары: Кыргызстандын алаканы жакшыртуу аракети

Саясат | 7 Фев 2022 | 978 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Бээжинге жасаган 3 күндүк иш сапары аяктады. Кытайдын төрагасы Кыргызстан менен түрдүү тармактарда кызматташууга даяр экенин билдирип, коронавируска каршы кошумча 5 млн доза вакцина жана 50 миллион юань өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берерин маалымдады. Си Цзиньпин Кытай Кыргызстан үчүн ишенимдүү дос жана коңшу болуп келгенин, мындан ары да ошондой бойдон каларын айтты. Ал ошондой эле эки элдин жыргалчылыгы үчүн байланыштар мындан ары да чыңдаларына ишенимин билдирди. Кыргыз-кытай мамилеси кандай өзгөрөт?

Президент Садыр Жапаров Кытайга болгон алгачкы иш сапарында төрага Си Цзиньпин менен жолугушуп, өлкөлөр аралык дипломатиялык мамиле түзүлгөн 30 жыл ичинде ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткенин айтышты.

1992-жылдын 5-январында дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө биргелешкен коммюникеге кол коюлуп, Кыргызстан менен Кытай ички алаканы чыңдоону баштаган.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул Кытай менен болгон мамиленин мааниси жана жүргүзүлүп жаткан аракеттер боюнча буларга токтолду:

«Кыргыз-кытай мамилеси жаңы деңгээлге чыга элек, бирок кыргыз тарап жаңы деңгээлге чыгарууга аябай аракет кылып жатат. Президент Садыр Жапаров өзү аракет кылып жатат. Анткени Батыш өлкөлөрү, Орусия, коңшу Казакстан менен учурда мамилебиз өтө жакшы эмес. Албетте, бул багытта көп тараптуу тышкы саясат жүргүзөбүз десек, Кытай менен болгон мамилебиз маанилүү. Ошондуктан биз тарап ошондой маанини көрсөткүсү келүүдө. Казакстанда болгон январдагы окуяда биздин түндүк жактагы коңшу мамлекеттерден абдан көз каранды экенибиз билинип калды. Ошонун негизинде Кытайга баргандагы негизги күн тартибиндеги маселе ири долбоор катары «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу талкууланды. «Эгерде Кытай тарап сунуштаган вариант менен ишке ашса, биздин улуттук коопсуздукка жана Борбор Азиянын аймактык коопсуздугуна канчалык туура келет?» деген суроо бар. Менимче, бул Кытай тарап жактырган эң кыска вариант менен ишке ашканы калды. Бирок жогорудагы суроо жоопсуз бойдон эле калууда».

Кытай төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандан экологиялык таза азык-түлүк, жер-жемишти импорттоого жана энергетика тармагында кызматташууга даяр экенин билдирди. Ошол эле учурда аба каттамдарын этап-этабы менен калыбына келтирүү, «Торугарт», «Эркечтам» бекеттери аркылуу жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү зарылдыгы белгиленди.

Буга чейин кыргыз бийлиги коронавирус пандемиясынын алдын алуу максатында 2020-жылы 1-февралда кыргыз-кытай чек арасын толугу менен жаап, аба каттамдарын токтотуп койгон. Муну менен эки өлкө ортосундагы экономикалык алака солгундай түшкөн эле.

Серепчи Нурбек Муктар Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык байланыштары пандемиядан кийин эми гана жанданып келе жатканын, бирок жогорку деңгээлге жете электигин айтты.

«Мурда коронавируска чейин экономикалык байланыш жакшы болчу. Пандемия учурунда чек аралар жабылып аябай жаман болуп калды эле. Азыр болсо жанданып келе жатат. Бирок мурдагыдай эмес. Мисалы, Кытайдан көп нерсени күтсө болот эле. Инвесторлорду тоо-кен тармагына гана тарта бербей, башка тармактарга да тартса жакшы болмок. Бирок Кыргызстандагы ички саясий абалдан улам Кытайдан эле эмес, башка өлкөлөрдөн да инвестиция тартуу чоң маселеге айланды. Азыркыга чейин Европадан келген инвесторлордон «шапка», «пайыз», «үлүш» сурагандар дагы деле бар. Биздин ички саясаттан улам чыгып жаткан маселелер сырткы саясатка, инвестор тартканга да тоскоолдук жаратууда. Ошондуктан баарынан мурда ички саясатты оңдоп, кадрдык саясатты туура жүргүзүп, мыйзамдарды тууралаш керек болчу. Андан кийин чет өлкөлөргө барып, инвестор чакырса туура болмок». 

Садыр Жапаров энергетика тармагындагы кызматташтыкты күчтөнтүүнү колдоп, экономиканын тиешелүү тармактарына жаңы долбоорлорду тартуу максатында баштапкы капиталы 1 млрд доллар болгон кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады. Ошондой эле ал бул сүйлөшүүлөр кыргыз-кытай мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсүнө жаңы дем берип, макулдашуулар мамиленин бекемделишине негиз боло турганына ишенимин билдирди.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Кытай менен коңшу өлкө катары иштешүүгө туура келе турганын белгилеп, бирок карыз алууда кылдат мамиле кылуу керектигин эскертти.

«Биз эми чакан мамлекет катарында улуттук кызыкчылыкты сөзсүз карашыбыз керек. Кытай менен коңшу мамлекет катарында иштешүүгө туура келет. Анткени биз Кытайдын жанындагы мамлекет болуп эсептелебиз. Каалайбызбы-каалабайбызбы, коңшуну эч ким тандабайт. Келечекте да булар менен канатташ жашашыбыз керек болот. Бирок кээ бир маселелерде абайлашыбыз керек. Мисалы, Кытай берген карыздын үстөгү жогору болгондуктан биз муну дайым эске алышыбыз керек. Үчүнчү маани бере турган нерсе, Кытайдын жүргүзгөн саясаты. Бул — келечекте бизди көп кыйынчылыкка кептеп коё турган авторитардык-диктатуралык саясат. Биз Кыргызстан келечекте демократиялык мамлекет болушубуз керек. Эгерде диктатура, авторитардык башкаруу жолунда кала турган болсок, анда дос боло берсек болот. Анткени авторитардык өлкөлөр дайыма бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, жакын иштешкенге аракет кылат. Бирок мен Кыргызстандын келечегин эркин демократиялуу мамлекет катарында көрөм, ошондуктан Кытай менен бул жагынан да абайлашыбыз керек».

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын тышкы карызы 5 млрд долларга жакындады. Анын жарымынан көбү Кытайдан алынган. Калганын Эл аралык өнүгүү ассоциациясы, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду берген.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Садыр Жапаров Си Цзиньпинди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM