Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда өлкө боюнча мектептерде 929 мугалим жетишсиз

Кыска кабар | 6 Фев 2022 | 427 | 1

Бүгүнкү күндө республиканын мектептеринде 929 мугалим жетишсиз. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эң көбү же 305 мугалим Чүй облусундагы мектептерде жетишсиз. Бишкек шаарында – 191, Баткен облусунда – 142, Ош облусунда – 112, Ысык-Көл облусунда – 78, Жалал-Абад облусунда – 60, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 12, Ош шаарында – 9 мугалим жетишсиз.

Ошондой эле Бишкек шаарында — 24 математика мугалими, Баткен облусунда — 37 музыка мугалими, Жалал-Абад облусунда — 16 орус тили мугалими, Нарын облусунда — 6 физика мугалими, Ош облусунда — 19 музыка мугалими, Чүй облусунда — 42 орус тили мугалими, Ысык-Көл облусунда — 14 орус тили мугалими жетишсиз.

Министрликтен белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 82 миңден ашуун мектеп мугалимдери бар.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Айнура

    08.02.2022 23:12

    Азыркы учурда мектептерде мугалимдер акча чогултканды жакшы корушот.Эптеп чала-була сабактарын берип майрамдарда эмне подарок алабыз денег мугалимдер толтура.Окуучулардын билим денгээли аябай томон. Пенсиядагы мугалимдерди кетирсе болот да.Бат-баттан аттестация откоруп турса.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM