Биз менен байланышыңыз

Чек ара жаңжалына Тажикстандын ички кырдаалы да себеп болуудабы?

Блог | 5 Фев 2022 | 486 | 0

Акыркы кездерде Тажикстандагы коомдук-саясий абал туруктуулуктан чыгып, чыңалуу да пайда болгону байкалбай койбойт. Өткөн жылдын жайындагы Ооганстандагы чукул өзгөрүүлөр, «Талибан» кыймылынын бийликти ээлеши Борбор Азияга, анын ичинен узун, кай бир жерлерде көзөмөлсүз чек ара тилкелери бар Тажикстанга өзгөчө таасирин тийгизди. Бул жагдай көбүнесе тышкы саясатка, аймактык коопсуздукка тиешелүү фон болуп, өзүнчө тема болуп турганы менен Эмомали Рахмон башында турган режим үчүн баш ооруткан маселеге айланып, Тажикстандын ички саясатындагы абалды курчуткан, чыгуунун жолдорун, айла-амалын издеткен жагдайга айланды.

27-январда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга чейинки эки-үч айда бир нече урунттуу окуялар өттү. 2021-жылдын 25-ноябрында Тоолуу Бадахшанда жергиликтүү жаш лидер Гулбеддин Зиебековдун тажик атайын кызматы тарабынан атып өлтүрүлүшү элдин автоном облустун борбору Хорогдо 4 күндүк митингге чыгуусуна алып келди. Күч органдары аларды окко тутуп, бир нече адам каза таап, ондогон адам жаракат алды. Бул окуя борбор Дүйшөмбү менен өзөгүн тажик улутунан өзгөлөр түзгөн Бадахшан аймагынын ортосундагы зор чыңалууну жаратып, талапчыл сүйлөшүүлөр натыйжа бербей, бийлик менен митингчилер али да мунасага келбей турушат. Ошол кезден бери бийликтин «Тоолуу Бадахшандагы маалыматтык террордун алдын алабыз» деген шылтоосу менен өчүрүлгөн интернет али да толук тартпай, жергиликтүү калкка көп жактан кесепетин тийгизүүдө.

Анан калса, митингдерге активдүү үндөгөн Тоолуу Бадахшандын абройлуу жаш лидери Амриддин Аловатшоевдин январдын ортосунда Орусиядан жашыруун кармалып, өлкөгө алып келингени, мурдакы талаа командири, дагы бир абройлуу, таасирлүү делген бейформал лидер Мамодбокир Мамодбокировго бир нече кылмыш иши козголгону бул аймактагы абалды ого бетер курчутту. Анын үстүнө бийликтин шыкактоосу менен Тоолуу Бадахшанга кирген Ванч жана Дарваз райондорун автоном облустун курамынан чыгарып кетүүгө чакырыктар негизи эле бүт өлкөдө чуу жаратып, борбор менен аймактын чыңалуусуна кошумча болду. Терс өңүттө өнүгүп, тереңдеп бараткан окуяларга Тажикстанда, айрыкча Тоолуу Бадахшанда таасири зор исмаилиттердин падышасы Ага Хан IV да 20-январда терең тынчсыздануусун билдирип, кайрылууга аргасыз болгон.

24-январда Тажикстандын түштүгүндөгү Вахш районунда «Ислам кайра жаралуу партиясынын» негиздөөчүсү, тажик оппозициясынын мурдагы лидери маркум Саид Абдулло Нуринин (учурунда Бишкекке келип тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышкан) жакын тууганы Нусратулло Саидовдун кармалышы Бадахшандан тышкары да аймакта кошумча нааразычылыктарды жаратууда.

Айтылган окуялар Тажикстандын акыркы убактагы ички саясатына терс таасирин тийгизип, анан калса, ага кошул-ташыл социалдык-экономикалык жактан да кыйынчылыктар пайда болду. Башкасын коё туруп, орчундуу, тажик калкынын жашоосуна тикелей кесепетин тийгизип жаткан эки жагдайга токтолсом:

2021-жылы бензиндин баасы 1,7 эсе, дизелдин баасы 1,6 эсе кымбаттап, Тажикстанга (94% сырттан импорттолот) алып келинген ар бир тонна мунайдын баасы 2020-жылга караганда 43%га же 200 долларга өстү. Бул жагдай башка товарлардын да, анын ичинде азык-түлүктүн баасынын да өсүшүнө, күчтүү инфляция жаралышына түрткү берди.

Тажикстандан Орусияга миңдеген мигранттын агылып кетүүсүнөн улам учак билети асман чапчып, үч эсе кымбаттады. Тагыраагы, жаңы жылга чейин билет 220 доллардын тегерегинде болсо, азыр 700 доллардын тегерегинде сатылууда. Бул кырдаал да чоң көйгөй жаратып, элдин нааразычылыгына себепкер болууда.

Кошуна өлкөдөгү жогоруда көрсөтүлгөн ички коомдук-саясий жана экономикалык жагдайлар тажик бийлигинин башында турган кландык топтун тынчын алып, өз элинде да чукул, чектен ашкан Казакстандагыдай күтүүсүз кырдаал чыгып кетпөөсү үчүн жан далбаска түшүп турган кездери. Буга кошумча Ооганстан факторун жеке кызыкчылыгына пайдаланып турганы айдан ачык. «Айта берсе, арман көп» дегендей, Рахмондун ден соолугу да начарлап, бийликти баласына өткөрүп берүү, аймактык кландардын кызыкчылык кагылышынын алдын алуу маселелери чечилбей турат.

Ушулардын баары Рахмондун бийликти сактап калуу үчүн, бир жерге, колго топтоо үчүн өзүн «тышкы душмандан» коргоп турган «баатыр» образында көрсөтүү амалдарына өткөнүн бизге айгинелеп турабы? Мындай жагдайда албетте, жеке кызыкчылыгын көздөп, пайдаланып калгысы келген кээ бир майдараак ички фигуралардан баштап (Шох сыяктуу), тышкы оюнчулар (үчүнчү күчтөр, өлкөлөр) да уктап жатпайт эмеспи. Себеби азыр дүйнөлүк түзүлүш, эл аралык катыштар өзгөрүүлөргө дуушар болуп жаткан кези. Бирок бул башка кеп.

Айтайын дегеним, ушундай жагдайда кыргыз журтунда ынтымак, биримдик өкүм сүрүп, жергебизде тынчтык, туруктуулук сакталып, ички саясатта чыңалуу жаралбай турганы аба-суудай зарыл. Бирок мамлекет, бийлик, өкмөт да ушуга салым кошуп, туура саясат жүргүзүп (кээ бир саясатчыларды абактан боштондукка чыгарып, кызмат да бергени ишеним, үмүт жаратат), экономикада алгылыктуу ийгиликтерди жаратышы абзел. Ал эми кыргыз-тажик чек ара маселесинде дипломатиялык жолду тандап алып, ошол эле учурда аскерибизди, чек ара кызматын күчөтүп, азыркыдай курал-жарак, техника жагынан жаңылоо, чек ара аймактарын (Баткен облусу гана эмес, Чоң-Алай району да) бекемдөө, социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын аныктоо, ишке ашыруу саясатын приоритеттүү негизде алып барышы мезгилдин эң маанилүү маселеси болууда.

Азат Эркебаев 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM