Биз менен байланышыңыз

Кара-Суу районунда уурулукка шектелип, эки жаран кармалды

Кыска кабар | 5 Фев 2022 | 177 | 0

Кара-Суу районунда 4-февралда жалпысынан беш жүз миң сомдон ашуун мүлктү уурдаган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 14-январынан 15-январына караган түнү Кара-Суу районунун тургунунун үйүнөн 350 миң сом, миң доллар жана алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Ошондой эле 30-январда Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айыл аймагында жайгашкан үйдүн ичинен 89 миң 600 сом уурдашкан.

Кылмышка шектүүлөр катары Кара-Суу районунун тургундары 19 жаштагы Б.А. жана 17 жаштагы Ж. у. Ж. аттуу жарандар аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Аталган факт Кара-Суу РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү 19 жаштагы Б.А. Кара-Суу милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, ал эми кылмышка шектүү Ж уулу Ж жашы жете электигине байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмышка катыштыгы бар же жогу иликтенип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM