Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан айдоочу каза тапты

Кыска кабар | 4 Фев 2022 | 226 | 0

Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында болгон жол кырсыктан айдоочу каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Григорьевка айылындагы көпүрөдөн Toyota Land Cruiser унаасы түшүп кеткени тууралуу кабар ӨКМге бүгүн, 4-февралда таңга маал келген.

Жерине ӨКМдин Ысык-Көл райондук бөлүмүнөн 3 куткаруучу барып, унаадан 27 жаштагы С.С. аттуу жигиттин сөөгүн алып чыгышкан.

Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген. Учурда кырсыктын себеби иликтенип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM