Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында болгон жол кырсыктан айдоочу каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Григорьевка айылындагы көпүрөдөн Toyota Land Cruiser унаасы түшүп кеткени тууралуу кабар ӨКМге бүгүн, 4-февралда таңга маал келген.
Жерине ӨКМдин Ысык-Көл райондук бөлүмүнөн 3 куткаруучу барып, унаадан 27 жаштагы С.С. аттуу жигиттин сөөгүн алып чыгышкан.
Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген. Учурда кырсыктын себеби иликтенип жатат.