Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 5-февралда Ысык-Көл облусунда кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10;
Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +4…-1, күндүз +6…+11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз +7…+9 жылуу болот.