Биз менен байланышыңыз

Жумабеков: Мен аягына чейин күрөшөм

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Фев 2022 | 1454 | 1

Эгерде мен кетип калсам, өзүмдүн артымдагы жаш командама чыккынчылык кылгандай болом. Мындай пикирин Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери, академик, хирург Сабырбек Жумабеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал өз сөзүндө эч жака кетпөө чечимин кабыл алганын, эмне болсо да аягына чейин барарын баса белгиледи.

Мындан сырткары башкы дарыгер министр жалган маалыматты таратып, төмөн деңгээлин көрсөтүп жатканын сынга алды.

«Министр жалган жалаа жаап, элге тастыкталбаган маалыматтарды айтып, алардын оюн бурмалоого барууда. Мына карагыла, бул министрдин деңгээли. Айтып коёюн, мен ал жерден бир мык да алган жокмун. Бул мамлекеттик мекеме болгон, мамлекеттик бойдон калат. Министрдин «менчиктештирип алды» дегенин эч түшүнбөй турам», — деди Жумабеков.

1 пикир

1 пикир

  1. Жаңыл

    06.02.2022 11:06

    Сабырбек азаматсыз. Сизге таазим. Сиздей инсанды баалабаган чоңдорго наалат.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM