Биз менен байланышыңыз

«Илимий борбор жоюлса, Катар өлкөсү убада кылган оорукана салынбай калат»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Фев 2022 | 1888 | 0

Катар мамлекети академик, хирург Сабырбек Жумабековдун урматына гранттык негизде 20 миллион долларга 500 орундуу жаңы борбор салганы турат. Бул тууралуу Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Сабырбек Жумабеков өзү «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Катар өкмөтү жаңы илимий борборду 2 жылдын ичинде бүтүрүү убадасын берген.

«Алар ачык эле айтышты: «Сиз үчүн, сиздин урматыңызга, сизди сыйлап куруп берели деп жатабыз», — деп. Бул — Катар өкмөтүндө кабыл алынган чечим», — деди башкы дарыгер.

Жумабеков мунун менен бирге документ иштери бүтө жаздап калганын, меморандумга кол коюлганын айтты. Ал Травматология жага ортопедия илим изилдөө борбору жоюлуп кетсе, Катар өкмөтү бул долбоорду жаап салат деп тынчсызданат. Ошондой эле ал бекер жана өтө керектүү оорукана салынбай токтоп калса, күнөө министрде болорун кошумчалады.

«Мен министрге айтып жатам: «Эки жыл чыдап койчу, элге, мамлекетке ушул оорукананы салып берели. Андан кийин мен кетип эле калайын», — деп. Жаңы имарат бүтсө, азыркы имаратты бошотуп бермекпиз, ошондо министр Тез жардам клиникасын кыла бермек. «Чыдап койчу» десем, «Жок, бүгүн кылышым керек», — деп жатат», — деди Жумабеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM