Биз менен байланышыңыз

«Жумабеков жетектеген борбор 2015-жылдагы токтомго баш ийбей койгон»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Фев 2022 | 1267 | 0

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору 2015-жылы кабыл алынган токтомго баш ийбей койгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Жумакеев белгилегендей, 2015-жылы чыккан «Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу саламаттыкты сактоо мекемелери Саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө» Өкмөттүн токтому менен шаардагы бардык медициналык мекеме мэриянын карамагынан чыгып, Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкаруусуна өткөн. Бирок бул талапка Травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору баш ийген эмес.

Юрист айтылган маселе боюнча азыркы тапта тактоо иштери жүрүп, токтомду жүзөгө ашыруу аракети көрүлүп жатканын маалымдады.

«Бизде ушул боюнча саясат жүргүзө турган дарылоо башкармалыгы бар. Министр алар менен биргеликте жана Бишкектеги илимпоздор менен чогулуш өткөрүп, чечим кабыл алыныптыр. Мен юрист болгондуктан, катышкан эмесмин. Чогулушта Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун Тез жардам мекемеси кылып кайра түзүү чечими керектүү деп жактырылыптыр», — деди юрист.

Ал эми академик Сабырбек Жумабеков борборду министрликтин алдына өткөрүп берүүгө каршы эместигин билдирип, аталышын өзгөртпөөнү гана суранып жатканын айтты. Мындан сырткары ал 2015-жылы кабыл алынган токтом тууралуу кабары жоктугун билдирди.

«2015-жылы бизге эч ким эчтеке деп айткан эмес. Эгерде айтылса, биз баарын жасамакпыз», — деп жооп берди Жумбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM