Биз менен байланышыңыз

Он миңдеген жаранга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жеткиликтүү болду

Коом | 25 Янв 2022 | 212 | 0

Кыргызстанда калктын аярлуу катмарына юридикалык акысыз жардам берүү боюнча Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) мыйзамы алгачкы жолу 2009-жылы кабыл алынган. Баштапкы этапта, МКЮЖ боюнча түшүндүрмө берилип, адвокаттардын реестри түзүлгөн. Ошондой эле кайсы топтогу жарандар акысыз юридикалык жардам ала турганы такталган. Албетте, ошол убакта бул мыйзам эң мыкты жетишкендик болгону менен, кемчиликтери да болгон. Аталган мыйзамга оңдоп-түзөтүүлөр 2016-жылы киргизилип, жаңы мыйзам кабыл алынган. Бул ирет акысыз юридикалык жардам граждандык жана админстративдик сот өндүрүш иштерине да жеткиликтүү болгон. Ошондой эле, жардам ала турган жарандардын тизмеси, тобу ж.б тактоолор киргизилип, мыйзамдын ишке ашуусуна чоң өбөлгө түзгөн. Натыйжада, жылына он миңдеген жарандарга мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамдар жеткиликтүү болду.

“Социалдык тейлөөлөрдү өнүктүрүү” коомдук фондунун негиздөөчүсү Бурулсун Сүйүналиеванын айтымында, МКЮЖ боюнча мыйзам жарандардын көйгөйүн чечүүдө натыйжалуу иштеп кеткен мыйзамдардын бири.

“Кыргызстанда жыл сайын жүздөгөн мыйзамдар кабыл алынып, күчүнө кирет. Бирок алардын арасынан ырааттуу иштеп кеткендери саналуу гана. Бул МКЮЖ системасынын калыптанышына БУУнун Өнүктүрүү программасынын  жана Финляндия ТИМинин “КРдагы укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун салымы чоң болду. Ошол эле учурда, мамлекет тарабынан админстративдик колдоо болуп, атайын борборлор ачылды. Муну ишке ашырууда бейөкмөт уюмдар менен мамлекеттик мекемелердин эриш-аркак иштегенин үлгү катары айтсак болот. Биргеликте иш алып баруу менен мыйзамдын натыйжалуу иштеп кетүүсү камсыздалды. Мен жумушума байланыштуу калктын ар түрдүү катмары менен жолугам. Тренигдердин биринде, катышуучулардан сурамжылоо өткөргөндө “МКЮЖ” мыйзамы жөнүндө 20%дан ашуун катышуучунун маалыматы бар экен. Бул мени чынында таң калтырган. Демек, калкка маалымат жеткирүү жакшы жүрүп жатат”.

“Жаңы чечимдер” коомдун фондунун жетекчиси Алия Калыбаеванын айтымында, 2016-жылы кабыл алынган мыйзам өз максатына жетти. “Ошол эле учурда акысыз юридикалык жардамдын сапатын дагы да арттыруу үчүн “МКЮЖ жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алууга убакыт келди, — дейт Калыбаева.

“МКЮЖ боюнча мыйзам практика жүзүндө дагы бир катар даректүү механизмдердин керектигин көрсөттү. Андыктан МКЮЖ боюнча жаңы мыйзам жакын аралыкта кабыл алынышы керек”.

Мыйзамдын жаңы редакциясында акысыз юридикалык жардамдын сапатын жогорулатуу үчүн бир катар өзгөртүүлөр киргизилген:

-Жарандык жана админстративдик сот өндүрүшүндөгү квалификацияланган юридикалык жардамдар боюнча иштерди кеңири категорияга бөлүү каралган. Эң көп сот иштериндеги талаштын бир канча түрлөрү: үй-бүлөлүк талаш, баланы асыроо, мүлктү бөлүштүрүү, эмгек келишими, админстративдик аракеттердин же чара көрбөөнүн мыйзамдуулугу ж.б маселелер категорияларга бөлүнгөн. Ошондой эле жарандык жана админстративдик иштер боюнча квалифакциялуу жардам алуу боюнча жарандардын категориялары да так көрсөтүлгөн.

-Консультативдик-укуктук жардам райондук деңгээлде чечилүүсү үчүн акысыз юридикалык (алгачкы) жардам көрсөтүү бюролорун түзүүнүн атайын механизмдери бекитилген. Бул аракеттер алыскы аймакта жашаган экономикалык, социалдык коргоого алынбаган жарандардын, аялуу катмардын юридикалык жардамга жетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

-Квалификацилуу (экинчи) юридикалык жардам алгандардын тизмеси кеңейтилет. Мисалы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар, качкындар, жашы жете электер, турмуштун кыйын абалында калгандар, аз камсыздалган үй-бүлөлөр кирешесинин канча болгонунан көз карандысыз юридикалык жардам алууга укуктуу болушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM