Биз менен байланышыңыз

Бишкекте экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалды (Видео)

Кыска кабар | 2 Фев 2022 | 176 | 0

Бишкекте экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери экстремисттик материалдарды даярдоого, таратууга шектелип, издөөдө жүргөн 1985-жылы туулган А.Н. аттуу адамды кармаган.

Анын буга чейин «Хиб-ут Тахрир» уюмунун экстремисттик маанайдагы идеяларын социалдык тармактар, «Ал-Вьай» журналы аркылуу таратып жүргөнү аныкталган.

Шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзгөндө уюлдук телефон, «Хизб-ут Тахрир түшүнүктөрү» китеби, «Хизб-ут Тахрир» уюмунун кайрылуусу, ошондой эле 18 баракча табылган.

Кармалган адам Бишкек шаардык ИИББнин убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM