Биз менен байланышыңыз

Чек ара маселеси депутаттарды тынчсыздандырууда

Саясат | 2 Фев 2022 | 1027 | 0

Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал жана чек араны тактоо үчүн жүргүзүлүп жаткан иштер каралды. Депутаттар чек ара боюнча аткарылышы керек болгон сунуштарын беришти. Ошондой эле парламентке улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана башка бир катар министрлер келип, жабык эшик артында маалымат беришти. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжал 27-январда Баткен районундагы Төрт-Көчө тилкесинде орун алып, 14 аскер жаракат алган. Жаңжалдын келип чыгуусуна Тажикстандын жарандары Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышканы себеп болгон.

28-29-30-январь күндөрү Баткен облусуна жумушчу сапары менен барып келген Жогорку Кеңештин «Элдик депутаттар» тобунун өкүлдөрү бүгүнкү жыйында облусту өнүктүрүүнүн өзөктүү маселелерин көтөрүштү. Бул багытта депутат Нурлан Ражабалиев баяндама жасап, андагы көйгөйлөрдү тизмектеп берди.

«Коңшу Тажикстан менен чектеш айылдарда калктын санын көбөйтүү — башкы зарылчылык. Болбосо, жаңжалдуу жагдайлардан кооптонгон эл көчүп, жер которууга аргасыз болуп жатканын жерине барып көрүп, кабатырландык. Суу тартыштыгы да — талылуу маселе. Бул багытта жок дегенде, бургулоо жолу менен алынган сууларды чыгарганда турмуш-тиричиликти жөндөөгө жөлөк болмок эле. Айланып өтмө жолдордун алымсындырбаган абалын да арабөк таштоого болбойт».

Жыйында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасында кооптуулук жогорку чекке жеткенин айтып, депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, депутаттык комиссия чек арада жаңжалдар эмне себептен келип чыгып жатканын аныктоо жана чек араны чечүү боюнча стратегиялык саясатты иштеп чыгуу максатында түзүлөт.

«Эмне себептен 30 жылдан бери мындай чатактарга туш болуп жатабыз? Буга эмне себеп болууда? Оорунун себебин аныктагандай чыр-чатактардын эмнеден келип чыгып жатканын аныкташыбыз керек. Акыркы жаңжалдар жогорку деңгээлге чыгып кетти. Атайын кызматтардын атайын операциясына айланып кетип, ок атышуу менен аяктап жатат. Жаңжал чыкканда эле барып басып койгон жарабайт».

Жогорку Кеңештин депутаттары Тажикстандын парламентине кайрылуу жолдой турганын Камила Талиева билдирди. Анын пикиринде, кайрылуунун долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде колдоо тапкан.

Биринчи айлыгын «Баткен» фондуна которгон Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев чек ара маселесин чечүү үчүн парламент токтом, керек болсо мыйзам кабыл алып берүүгө даяр экенин билдирди.

«Негизи парламент маселени карап, жакшы токтом кабыл алып берсе. Бардык маселени чечүү үчүн керек болсо, мыйзам деле кабыл алып беребиз. Чек ара маселеси кыргыз элин толугу менен тынчсыздантып турат. Ошондуктан биз бул маселеге терең карап, этият чечим кабыл алышыбыз керек». 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар 27-январда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде орун алган чек ара чатагы боюнча Министрлер кабинетинин маалыматын жабык эшик артында угушту.

Депутаттарга маалымат берип чыккан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси баары бир бир күн чечиле тургандыгын белгилеп, бүгүнкү күндөгү абал боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

«Кыргыз-тажик чек арасында бүгүнкү күндө абал туруктуу, бирок ошол эле учурда кооптуу да болушу мүмкүн десек болот. Себеби чек ара маселелери бүтмөйүнчө жаңжал ар дайым чыгып кетиши мүмкүн. Анткени ал жерде эл жашайт, такталбаган участоктор көп. Ошондуктан абал азыр туруктуу болгону менен кооптуу деп айтсак болот».

29-январда «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилери жекеме-жеке жолукту. Анда тараптар чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын ишин кайра баштоону макулдашты. Ошондой эле Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавына жол курууга уруксат берүү маселеси жакынкы күндөрү кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинде карала турган болгон. 2021-жылдын май айында кол койгон №39 протокол учурда коомдо кызуу талкууланууда.

Copyright © 2017 Maral FM