Биз менен байланышыңыз

Какыр жердин «багын» ижара ачабы?

Экономика | 1 Фев 2022 | 1365 | 0

Айыл чарба министрлиги тарабынан сунушталып жаткан «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Анда киргизилген өзгөртүүгө ылайык, оту качкан жайыттар 5 жылдан 20 жылга чейин жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилет. Андан тышкары «пайдалуу кендерди казып алуу» ченеми адистерди чочулатууда.

Кыргызстанда 9 млн 4 миң гектар жайыт бар. Анын 40% жайытка жараксыз, тактап айтканда, аска-зоо, таштак жерлер. Калган 5 жарым млн гектар жерди жайытка пайдаланса болот. Бирок 500 миң гектарга жакын жайыт суу жетпеген какыр деп эсептелинет. «Жер кодексине, «Жайыттар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору жайыттарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталат.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков мыйзамды иштеп чыгуунун зарылдыгын түшүндүрдү.

«Муну трансформациялоонун, мыйзамдын кажети эмнеде? Эми караңыз, Баткен облусундагы чек аранын бүтүндүгүн карап турган биздин мекендештер алган жер 5-10 сотых эле. Ошону менен оокат кылышат. Оту качкан жайыттардын көбү да ошол жерде. Биз айтып жатабыз, ошол жерлерди трансформация кылсак, ошол эле баткендик дыйкан алат бул жерди. Ошол жерге бак, малина, кулпунай отургузсун, жашоосун оңдосун деп жатабыз. Биз элге жардам берели деп жатсак, коррупция кылып жатасыңар деп жатышат. Кай жеринде коррупция?!»  

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эсенгул Исаков жайыттарды ижарага берүү тууралуу бул мыйзам долбоору чийки деп эсептейт.

Анын пикиринде, карапайым калкка түшүндүрүү иштери жеткиликтүү жүргүзүлгөн жок. Ошондуктан бул мыйзамга аймактардан көп нааразычылыктар айтылып жатат.

«Бүгүнкү күндө оту качкан, мал жаюуга мүмкүн болбогон жайыттар көп. Бул жагынан акчаны, каражатты кайдан алышат, ошол какыр жайыттарды кантип жакшыртышат, анан андан ары кандай тагдыр күтүп турат, булар аны жеке менчикке берип салганы жатабы, же кандай кылат? Жообу жок суроолор көп. Себеби жеке менчикке дегеним, булар азыр «жерди өнүктүрөбүз» деп жатат, жерди өнүктүргөндөр мыйзам боюнча, жыл ичинде өнүгүү болсо, ал жер жеке менчикке өтөт деп. А бул жайытты ага кантип өткөрүшөт?»

«Жайыттар жөнүндө» мыйзамдын 6-беренесинде жайыттарды ижарага алган жеке жана юридикалык жактарга аң уулоого, балчылык кылууга, дары чөп чогултууга, мөмө-жемиш терүүгө, тоют жана отун дайындоого уруксат берүү менен бирге пайдалуу кендерди казып алууга да жол берип, жергиликтүү калктын кызыкчылыгына ылайык 5 жылга чейинки мөөнөткө, андан кийин 20 жылга чейин узартуу менен убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн экендиги айтылган.

Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев мыйзам долбоору дээрлик колдоого арзый турганын, бирок кенди казып алууга уруксат берилиши кооптонто турган жагдай экенин билдирди.

«Тоо кендерин иштеткенге кээ бир мыйзамдарда мүмкүнчүлүк берилбейт. Балким ошону киргизип, тоо кен жерлерин компанияларга бергенге лобби болуп, дүңүнөн эле жерлерди жайыт категориясынан өткөрүп берели деген максат болушу мүмкүн. Менин оюмча, ар бир жерди жакшылап кароо керек. Айыл чарбага эмес, бак-дарак отургузбай, тоо кендерине берип салышы мүмкүн».

Мыйзам долбооруна ылайык, учурда 470 миң гектарын ижарага берүү мерчемделүүдө. Буга чейин оту качкан жайыт үчүн гектарына 12 сом гана салык алынып келген болсо, мыйзам долбоору иштеп кетсе, 205 сомдон салык алынып, бул бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүн шарттайт.

Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин биринчи окуусунан өтүп, учурда экинчи окууда каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM