Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк аффинаждалган алтын куймаларын сата баштады

Кыска кабар | 1 Фев 2022 | 689 | 0

Кыргызстандын Улуттук банкы 1-февралдан тарта өлкөнүн ички рыногунда аффинаждалган алтын куймаларын сата баштады. Бул тууралуу банктын расмий сайтында кабарланды.

Аффинаждалган алтын куймалары «Кыргызалтын» ишканасы тарабынан 10,9 кг (10900 гр) 13,4 кг (13400 гр) чейинки салмакта даярдалган. Куйманын салмагынын 99,95 пайызын химиялык таза металл түзөт.

Улуттук банк ар бир аффинаждалган алтын куймага өзүнчө баа белгилейт жана ал күнүмдүк негизде банктын расмий интернет-сайтына жарыяланып турат. Алтын куймалары кайра сатып алынбайт.

Куймаларды алууда сертификаты жана сатуу жөнүндө квитанциясы милдеттүү түрдө тиркелет.

Алтын куймаларын сатуу шарттары жөнүндө толук маалымат Улуттук банктын расмий сайтында «Кызмат көрсөтүүлөр» бөлүмүнүн «Аффинаждалган алтын куймалары» бөлүкчөсүндө жайгаштырылган.

Copyright © 2017 Maral FM