Биз менен байланышыңыз

«Бекер юридикалык жардам жөнүндө» мыйзам комитетте кайра каралды

Саясат | 1 Фев 2022 | 1319 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Бул мыйзамды алгач парламенттин VI чакырылышы кабыл алган, бирок президенттин каршы пикири менен артка кайтарылган. 1-декабрдан баштап жаңы Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин жана Жазык кодекстерин колдонуу күчүнө кирген. Буга байланыштуу мыйзамга техникалык өзгөртүү киргизүү үчүн кайра сунушталууда. 

Юстиция министри Аяз Баетов 1-декабрдан баштап жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси жана Жазык кодекстери колдонула баштаганына байланыштуу эң зарыл болгон «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзамга айрым техникалык өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин белгилеп, колдоп берүүнү суранды.

«Мыйзамдын негизги максаты: жарандык жана административдик сот өндүрүш чөйрөсүндө жогорку юридикалык жардам көрсөтүү механизмдерин киргизүү; жарандарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүлгөнгө чейинки иштердин категорияларын кеңейтүү. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул мыйзам бизге керек. 1-декабрдан баштап жаңы Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин жана жазык кодекстерин колдонуу күчүнө кирген. Буга байланыштуу аталган мыйзам долбооруна техникалык өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Администрация да, Юстиция министрлиги да бул мыйзамды колдоп турабыз. Адвокаттын термини бар, «балдарга жардам берген адвокат» деген. Ушундай техникалык жактан гана өзгөртүүлөрдү киргизүү керек».

Кыргызстанда калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөткөн 40 борбор бар. Бирок ошол борборлордун бар экенин көпчүлүгү билбегендиктен, кайрылышпайт. Ошол эле учурда борборлордо иштеген мамлекеттик кызматкер жок. Мамлекеттен бөлүнгөн бюджеттин 80%ы гана аткарылат. Реформанын артынан жарандар өздөрү келип, бекер юридикалык жардам алууну камсыз кылуу аракети көрүлүүдө.

Карапайым эл маалыматтын жоктугунан мамлекет сунган жеңилдиктерди колдоно албай жатканын депутат Бакыт Төрөбаев белгилеп, министрликти маалымат берүү боюнча жеткиликтүү иш алып барууну тапшырды.

«Карапайым калктын көпчүлүгү мыйзамды билбегендиктен бизге көп кайрылуу түшөт. Окубайт, мыйзамды билишпейт, айла жоктон барып коррупциялык жолдор менен иштерди бүтүрүшөт. Жөлөк пул алгандар боюнча «ошол үй-бүлөдө пенсия алган бирөө болсо, ал кирешеге кирбейт» деген норма кабыл алганбыз. Аны билбей бизге дагы деле кайрылышууда. Ошол элдин билбестигин колдонуп, социалдык кызматкерлер ар кандай пара алып жатканын угуп келе жатабыз. «Унаасына 20 жылдан ашса да, ал да үй-бүлөнүн кирешесине кирбейт» деген норма бар, мына ошолорду билишпейт. Ошондуктан сиздер да түшүндүрүп, элдин бекер көмөк алуусуна жардам бергиле». 

Баетов белгилегендей, Калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү борборлору Калкка акысыз укуктук жардам берүү кызматы деп өзгөртүлүп, мыйзам жолу менен кандай иштер аткарылышы керектигин ар бир кайрылган жаранга айтып берет. Кызматтын адиси ар бир министрликке чалып, түз иш алып барат.

Жыйында депутат Марлен Маматалиев жүргүзүлүп жаткан реформаларга жараша бекер юридикалык жардамдарды онлайн алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, телефондорго тиркеме иштеп чыгууну сунуштады.

«Эми азыр технология өнүккөн заманда юридикалык бекер жардамды электрондук түрдө алууга мүмкүнчүлүк түзүп койсоңуз жакшы болот эле. Ошол эле учурда мобилдик тиркемесин да иштеп чыгып койсоңуздар. Эл атайын ошол борборлорго барбай, үйүндө отуруп жазып, керектүү кызматтарды ала тургандай болсо. Ырас, реформа кылууга жараша ушуну да эске алсаңыз. Муну да протоколдук тапшырма катары берип койсок болот».

Ага жооп катары министр Калкка юридикалык кеңешти онлайн берүү максатында Юстиция министрлигинин алдында Укуктук жактан маалымат берүү борбору ачылып жатканын айтты.

Депутаттардын бир катар суроо жана сунуштарынан кийин мыйзам долбоору комитеттен колдоо тапты.

Copyright © 2017 Maral FM