Биз менен байланышыңыз

Сыргабаев Жалал-Абадда санариптештирүүнү тездетүүнү тапшырды

Кыска кабар | 30 Янв 2022 | 236 | 0

Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев бардык район-шаарларда ушул жылдын I кварталына карата Калкты тейлөө борборлорун толук уюштурууну тапшырды.

Ыйгарым укуктуу өкүл калкты тейлөө борборлорун ачуудагы бардык маселелерди ыкчам чечип, заман талабына ылайык тургундарга кызмат көрсөтүү иштерин жандантуу зарылдыгын белгиледи.

Бүгүнкү күндѳ облустун аймагында Базар-Коргон, Сузак, Тогуз-Торо райондорунда жана Жалал-Абад шаарында Калкты тейлөө борборлору иштеп келүүдө. Облустун аймагында 45, райондук жана шаардык мекеме-ишканаларда 109 “Бирдиктүү терезе” иштеп жатат.

Облуста “Инфодокс” электрондук кат алмашуу тутумуна 11 райондук мамлекеттик администрациялар жана шаардык мэриялар, 72 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кошулган. Ал эми Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы ушул жылдын 1-февралында кошула тургандыгы күтүлүүдѳ.

Ошондой эле “Е-Кызмат” маалыматтык тутумуна Жалал-Абад облусунун аймагында 8 райондук мамлекеттик администрация жана 4 облустук маанидеги шаарлар, 72 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кошулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM