Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы: Төрт-Көчө тилкеси ачылды (видео)

Кыска кабар | 28 Янв 2022 | 406 | 0

Баткен районундагы жергиликтүү тургундарынын берген маалыматына караганда бүгүн саат 10:00дө Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкеси ачык турат. Унаалар кадимки режимде өтүп жатат. Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери биргеликте иш алып барышууда.

Чек ара кызматы 28-январь, саат 08:00гө карата кыргыз-тажик чек ара аймагында абал туруктуу экенин кабарлады.

Түн тынч өттү. Баткендин Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной жерликтериндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Такталган маалыматтар боюнча, 27-январда Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана унаа жолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да кайра ачылган.

Бирок саат 19:35 чамасында Баткен районунун Үч-Дөбө аймагынан тажик тарап ок чыгарып, кырдаал курчуп кеткен. Төрт-Көчө, Үч-Дөбө аймактарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары атышып, тажик тарап миномёт, гранатомёт колдонушкан.

Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилери баштаган расмий делегациялардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM