Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Чек арага жакын айылдарды көчүрүү үчүн атайын техникалар жөнөтүлдү

Кыска кабар | 27 Янв 2022 | 232 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы жарандык коргонуу кызматы өзгөчө кырдаал режиминде иш жүргүзүп жатканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам саат 20:00дөн тарта чек арага жакын кыргыз айылдарын коопсуз аймактарга көчүрүү башталды. Аларды эвакуациялоо үчүн ӨКМ 10 «Мерседес-Спринтер», 2 «Камаз» жана облустагы куткаруучулардын баары жөнөтүлдү. Унаа жетишпеген айрым учурларда жергиликтүү эл жеке унаалары менен көчүп кетишүүдө.

Көчүрүлгөн эл Баткен шаарындагы мектептерге жана Рават айылына жайгаштырылууда. Облус борборуна келген эл тамак-аш менен камсыздалды.

Төрт-Көчө тилкесине жакын кыргыз айылдары эвакуацияланууда

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM