Биз менен байланышыңыз

Төрт-Көчө тилкесине жакын кыргыз айылдары эвакуацияланууда

Кыска кабар | 27 Янв 2022 | 763 | 0

Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесине жакын чек арага чектеш Үч-Дөбө, Орто-Боз, Ак- Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айылдарынын туругундары учурда Рават айылына эвакуацияланып жатат. Бул тууралуу Рават айылынын башчысы Бакыт Турдуев «Маралга» билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда аталган айылдардан 7-8 үй-бүлө Рават айылына алып келинди.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, Баткен районунун Үч-Дөбө аймагында ок атышуу уланууда.

Саат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын жарандары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышкан. Аймакка Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев, Баткен чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров барып сүйлөшүү жүргүзгөн. Андан соң саат 19:30да Төрт-Көчө жолу кайрадан ачылган.

Бирок саат 19:35 чамасында Баткен районунун Үч-Дөбө аймагынан тажик тарап ок чыгарып, кырдаал курчуп кеткен. Төрт-Көчө, Үч-Дөбө аймактарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары атышып, тажиктер миномёт, гранатомёт колдонуп жатканы кабарланды.

Кырдаал боюнча кошумча маалыматтар берилип турат.

Copyright © 2017 Maral FM