Биз менен байланышыңыз

Баткен жана Согди облусунун губернаторлорунун жолугушуусу күтүлүүдө

Кыска кабар | 27 Янв 2022 | 948 | 0

Бугүн, 27-январь саат 21:45те Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара боюнча биринчи орун басары Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Раджабали Рахмонали телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар ок атышууну токтотууну сүйлөшүшкөн. Бирок саат 22:30га карата тажик аскер кызматкерлери ички аскерлердин позицияларын мезгил-мезгили менен аткылоону улантып жатат.

Учурда Эки-Таш, Кум-Базар, Үч-Дөбө аймактарында атышуулар уланууда.

Алдыда Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун губернаторлорунун жолугушуусу күтүлүүдө.

Саат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын жарандары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышкан. Аймакка Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев, Баткен чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров барып сүйлөшүү жүргүзгөн. Андан соң саат 19:30да Төрт-Көчө жолу кайрадан ачылган.

Бирок саат 19:35 чамасында Баткен районунун Үч-Дөбө аймагынан тажик тарап ок чыгарып, кырдаал курчуп кеткен. Төрт-Көчө, Үч-Дөбө аймактарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары атышып, тажиктер миномёт, гранатомёт колдонгон.

Copyright © 2017 Maral FM