Биз менен байланышыңыз

Энергетикалык абал боюнча Доскул Бекмурзаев депутаттарга маалымат берди

Саясат | 26 Янв 2022 | 886 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Кыргызстанда электр жарыгы жапырт өчкөнүнө байланыштуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев депутаттарга маалымат берди. Ал Орто Азиянын тарыхында биринчи жолу мындай окуя болуп жатканын белгилеп, чыгымдар жакында эсептеле турганын айтты. Депутаттар окуядан сабак алуу керек экенин эскертишти. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

25-январда Кыргызстанда электр энергиясы жапырт өчтү. Борбор Азия мамлекеттери менен бирдиктүү энергосистемада мындай штаттан тышкары окуя биринчи жолу катталып жатканын Энергетика министри Доскул Бекмурзаев белгилеп, жалпы абал боюнча төмөндөгүлөрдү маалымдады:

«Кечээ Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык системалар ортосунда авария болуп, анын негизинде Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын аймактарында жарык берүү үзгүлтүккө учурады. Бир сааттын ичинде кызматкерлерибиздин аракети менен светти кайра күйгүзгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз болду. Бүгүнкү күндө кооптуу кырдаал жок. Түнкү саат 12:00дө жылуулук тармагы өзүнүн түтүктөрүн толтуруп бүткөн. Эртең мененкиге чейин Бишкекте жылуулук берүү өз калыбына келди. Бүгүнкү күндө Казакстан менен Кыргызстандын электр системасы туруктуу, Өзбекстанда 50% иштеп жатат. Өзбекстан өзүнүн режимин калыбына келтирсе, үч өлкө кайра эле паралелль режимде ишин улантат».

Энергетикалык шакекчеге Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан кирет. Тажикстан менен Түркмөнстан буга чейин ар кандай себептерден улам шакекчеден чыгып кетишкен. Кыргызстан авариядан канча зыян тартканы боюнча азырынча маалымат жок. Алдыда үч өлкө ортосунда комиссия түзүлүп, жарыктын өчүп калуу себеби аныкталат.

Депутат Балбак Түлөбаев: «Токтогул ГЭСинде жана энергетикалык стратегиялык объектилерде коркунуч жокпу?» — деген суроо салды.

Ошондой эле депутаттар өлкөдөгү энергетикалык кризисти жоюунун бир жолу катары айтылып келген «Камбар-Ата-1» ГЭСи долбоорун ишке ашыруу боюнча аталган министрлик кандай иш алып барып жатканына кызыгышты.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев «Камбар-Ата-1» ГЭСин коңшу өлкөлөр менен биргеликте курууга ниеттенип жатышканын айтып, ага карата быйыл жазында ГЭСке бара турган жол салынып баштаарын маалымдады.

«Кечээги өлкөдө болгон абал «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу керектигин дагы бир жолу далилдеди. «Камбар-Ата-1» ГЭСинин кубаты 1860 мВт, ТЕО — биздин электростанциянын менчиги. Анын жыйынтыгы менен долбоор 2 млрд 800 млн долларга бааланган. Бүгүнкү күндө коңшу өлкөлөр менен чогуу салабыз деген ниетибиз бар. Быйыл өзүбүз «Камбар-Ата-1» ГЭСинин инфратүзүмүн, жолун, көпүрөсүн баштай берели деп чечтик. Ага 18 млн 900 миң доллар кете турганы буга чейин эсептелген. Кудай буйруса, апрелдин аягы майдын башы менен ишти баштайбыз».

Ал эми эл өкүлү Жаныбек Абиров: «Борбор Азия өлкөлөрүндө электр энергиясы жапырт өчүшүнө Казакстандагы майнинг компаниялардын көптүгү себеп болушу мүмкүнбү?» — деген суроо салды.

Ага Доскул Бекмурзаев изилдөө комиссиясынын чечими чыкмайынча комментарий бере албай турганын билдирди.

Бишкекте электр жарыгы өчүрүлгөндөн кийинки абал жөнгө салынып, бардык билим берүү мекемелеринде, атап айтканда, бала бакчаларда жылуулук калыбына келтирилди.

Copyright © 2017 Maral FM