Жайнакова Гүлнур Бердибаевна билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жайнакова бул кызматка Министрлер кабинетинин 19-январындагы тиешелүү тескемесинин негизинде дайындалган.
Гүлнур Жайнакова буга чейин министрликтин кесиптик билим берүү башкармалыгында, «Ала-Тоо» эл аралык университетинде эмгектенген.