Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Өкмөттүн кооперативдер жөнүндө №309 токтомун жокко чыгарууну талап кылышты

Коом | 26 Янв 2022 | 2013 | 0

Министрлер кабинети 2021-жылдын 17-декабрында «Айыл чарба кооперативдерин, үрөндүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө» №309 токтомун кабыл алган. Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары бүгүнкү жыйында айтылган токтом учурда элдин нааразычылыгын күчөтүп жатканын белгилешип, токтомду жокко чыгаруу боюнча протоколдук тапшырма берүүнү төрагадан талап кылышты.

Маселени парламенттин жыйынында алгач депутат Акылбек Түмөнбаев козгоп, буга чейин түзүлгөн айыл чарба кооперативдери жалгыз гана жерлерди өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштетип келгенин сынга алды.

Анын айтымында аталган токтом менен жерлерди бир ууч кландарга берүү аракети жүрүп жатат.

«Мен Өкмөттүн 309-токтомун жокко чыгарып, кайрадан элдин колуна берип, үрөн чарба, ссуда жана насыяларды элге берсек, жашоосу оңолмок беле деген ойдомун. Бүгүнкү күндө жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар ошол ФПСтин жерлерин арендага алып жанын багып келе жатат», — деди Түмөнбаев.

Депутат Нурлан Азыгалиев да ушул эле маселени көтөрүп, Министрлер кабинети кабыл алган №309 токтомду жокко чыгарууну суранды.

«Панфилов жана Жайыл районунда жергиликтүү калк көтөрүлүп жатат. «Акимди чакырып ошол 75% ФПСтин жерлерин кооперативдерге бергиле» деп жатышыптыр. Мындайга жергиликтүү эл даяр эмес. Ошону да бир карап койсоңуздар», — деди Азыгалиев.

Депутат Жалолидин Нурбаев да өкмөттүн №309 токтомун жокко чыгаруу керектигин белгилеп, кооперативдер буга чейин берилген жерлерин иштете албай келгенин сындады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон №309 токтомго ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Айыл чарба министрлиги менен биргеликте төмөнкүлөрдү аткаруусу тапшырылган:

  • айыл чарба продукциясын айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын бирдиктүү массивде өндүрүүсү жана сатуусу үчүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун пайдаланууга рентабелдүү жерлеринин 75%ын тактоо жана аныктоо боюнча тийиштүү жумушчу комиссия түзүүсү;
  • жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасы боюнча Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусун пайдаланууга рентабелдүү жерлеринин 75%ын белгиленген тартипте Айыл чарба министрлигине мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга берүүсү.

Азыркы учурда Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жалпы аянты 276 миң 599 гектарды түзөт.

Аны менен катар, Кыргыз Өкмөтүнүн «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусуна караштуу жерлерди ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби боюнча типтүү жобо жөнүндө» токтомуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү да каралган.

trim_b57965f9-c63a-427f-8b4a-96362326f6ff

Copyright © 2017 Maral FM