Биз менен байланышыңыз

Кадыркуловдун Украинага элчи болушу депутаттардын нааразычылыгын жаратты

Саясат | 26 Янв 2022 | 1204 | 0

Жогорку Кеңештин 26-январдагы отурумунда Идрис Кадыркуловдун Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп дайындалышы бир катар депутаттардын нааразычылыгын жаратты.

25-январда президент Садыр Жапаров Идрис Кадыркуловдун Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп дайындоо боюнча тиешелүү жарлыкка кол койгон.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 24-январдагы жыйынында Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматына Идирис Кадыркуловдун талапкерлигин жактырган эмес.

Маселени парламенттин жыйынында алгач депутат Айбек Осмонов козгоп, Жогорку Кеңештин аброюна шек келип жатканын айтып чыкты.

«Кечээ биз Украинага элчини комитетте карап, колдоо тапкан жок. Бирок аны бекитип коюшту. Бул бир аз туура эмес болуп калды, биринчиден. Экинчиден, Тышкы иштер министрлиги андай боло турган болсо, комитетке, Жогорку Кеңешке алып келбей эле өздөрүнүн ишин кыла бериши керек эле да. Комитетте колдоо таппаган адам азыр коюлуп отурат. Урматтуу төрага, ушул боюнча сүйлөшүп алсак», — деди Осмонов.

Айтылган маселе боюнча президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытов: «Жаңы Конституциянын нормасы боюнча президент Кыргыз Респбуликасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт, аларды кайра чакыртып алат, чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрүнүн ишеним грамоталарын кабыл алат. Бул жаңы Конституциянын нормасы. Эгерде бир мыйзам менен экинчи мыйзам карама-каршы келсе, Башмыйзам түздөн-түз иштейт. Ошондуктан президент Украинага биздин элчини туура көрүп дайындады», — деп жооп берди.

Мындан улам депутат Нурланбек Шакиев эгерде мындай болушун алдын ала билсе, анда парламентке алып келинбеши керектигин белгиледи.

«Силер ушундай иш-аракетиңердин аркасында парламент менен президентти ыңгайсыз абалга калтырып жатасыңар. Мындан кийин анда парламенттин кароосуна бир да элчини алып келбегиле. Дагы мындай окуялар кайталанса эмне болот? Урматтуу төрага, бул жерде парламенттин аброю жөнүндө сөз болуп жатат. Кооомчулук түшүнбөй жатат, «парламент бирди, президент бирди айтып жатат, президент парламентти укпайт экен» деп. Бул жерде Тышкы иштер министрлигинин да жоопкерчилиги каралыш керек», — деди Шакиев.

Ушул эле маселе боюнча депутат Балбак Түлөбаев акыркы учурда оппозиция менен бийликти, Жогорку Кеңеш менен президентти чабыштырган бир күчтөр бар окшойт деген оюн билдирди.

«Мына кечээки элчилик боюнча чечими менен комитетти «сындырды». Комитет менен президенттин чечимдери дал келбей калды. Муну кандай түшүнсөк болот?», — деди Түлөбаев.

Ал эми депутат Адахан Мадумаров эки бийликтин бутагын кагыштырган күчтөр бар деп айткандан кийин ошол документ парламентке ким тарабынан киргизилгенин аныктап, аты-жөнү ачык айтылышы керектигин сунуштады.

«Айрыкча элчиликке кетип бара жаткан азаматтарды өтө кылдат карасаңар. Себеби алар — өлкөнүн, мамлекеттин, президенттин жүзү. Артында кылмыш иши бар кишилерди да, чет тилди билбегендерди да, мамлекеттик кызмат эмне экенин билбегендерди да элчи кылып жиберип коюп, Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы аброюна шек келип жатат. Башка өлкөлөр элчиликке мыктылардын мыктысын жиберет. Биз бир маселеге эки башка мамиле кылып жатабыз. Бир жерде керек болсо Жогорку Кеңештин чечими туура болуп чыгууда. Азыр Жогорку Кеңештин да, президенттин да ыйгарым укуктары так-даана жазылып турат. Эми алешемдик кылып, ушул маселени киргизген кызматкердин жоопкерчилигин кароо керек. Үчүнчү күчтү издебей, ким кол коюп киргизди, ошол кишинин аты аталышы керек», — деди Мадумаров.

Идирис Кадыркулов 2019-жылдын май айында биометрикалык паспорттор боюнча жаңжалга байланыштуу УКМКнын жетекчиси кызматынан кеткен. Кадыркулов Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова менен бейрасмий жолугуп, паспортторду жогорку коопсуздук менен даярдоо үчүн өз компаниясын сунуштаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул келишимди коррупциялык деп эсептеп, кылмыш ишин козгогон.

Copyright © 2017 Maral FM