Биз менен байланышыңыз

«Ош-Тазалык» ишканасына 12 жаңы техника алынды

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 158 | 0

Бүгүн, 25-январда «Ош-Тазалык» ишканасына 12 таштанды ташып чыгаруучу атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы аймактык директору Айтен Рустамова катышты.

Жаңы техникалар Европа Биримдигинин жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосунда алынды.

Аны менен катар «Ош-Тазалык» ишканасынын имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кызматкерлердин кабинетинен тартып склад, унаа жуучу жайынан бери жаңыланды. Ага кошумча кызматкерлер жана жумушчулар үчүн ашкана ишке берилди.

Эскерте кетсек, долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Европа инвестиция банкы тарабынан каралган 2 млн жана 3 млн евро суммасындагы параллелдүү кредиттердин эсебинен каржыланууда. Европа Биримдиги да долбоорду ишке ашыруу үчүн 5 млн евро грант бөлүп берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM