Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Бүгүнкү шарт Борбор Азия – Кытай алакасын чыңдоону талап кылууда

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 139 | 0

Заманбап дүйнөлүк түзүлүш терең кайра куруу мезгилин башынан өткөрүп жатат. Андыктан аймактык коопсуздук, туруктуулук маселелери боюнча иш-аракеттерибизди координациялоо, саясий, экономикалык, соода жана турмуштун башка маанилүү чөйрөлөрдө кызматташууну чыңдоо зарылдыгын талап кылууда. Мындай пикирин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-январда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата өткөн «Борбор Азия мамлекеттери – Кытай» онлайн-саммитинде билдирди.

Ошондо эле өлкө башчы Кытай Борбор Азия мамлекеттеринин аймактык коопсуздугун чыңдоого, социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө салым кошуп, эл аралык абалдын туруктуу болушу үчүн демилгелерди көтөрүп, бардык күчүн жумшап жатканын белгиледи.

«Бүгүн биз мамлекеттерибиздин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө негизделген мамилелер жогорку деңгээлде экенин ишенимдүү айта алабыз», — деди Садыр Жапаров.

Айта кетсек, 1992-жылдын январь айында «Кыргызстан – Кытай дипломатиялык мамилелерин түзүү жөнүндө» биргелешкен коммюникеге кол коюлган. Анда эгемендикти, аймактык бүтүндүктү сыйлоо, ички иштерге кийлигишпөө, бири-бирине кол салбоо, бардык жактан тең укуктуу негизде кызматташуу макулдашылган. Мунун негизинде өлкөлөрдүн чек аралары толук чечилип, 1996-жылы жана 1999-жылы кабыл алынган келишимдер менен мыйзамдаштырылган. Ошондой эле мамлекеттик маданий-гуманитардык мамилени чыңдоо максатында 2002-жылы ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлган.

Бул боюнча Садыр Жапаров: «Байланыштарды өнүктүрүү жана чыңдоо 2013-жылы өлкөлөрүбүздүн мамилелерин таптакыр жаңы деңгээлге чыгарды. 2019-жылы кол коюлган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү боюнча биргелешкен декларация Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда биздин элибиздин ортосундагы ынак коңшулукка жана достукка тоскоол болгон кандайдыр бир маселелердин жоктугун тастыктайт. Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери Кытай Өкмөтү өлкөбүзгө ар тараптуу колдоо жана жардам көрсөтүп келет», — деди.

Өлкө башчы мындан тышкары Кытай капиталы өлкөдөгү транспорт, энергетика, саламаттыкты сактоо, ирригация, билим берүү, социалдык объектилерди куруу жана башка ири долбоорлорду ишке ашырууга жардам бергенин айтты.

Аны менен бирге саммиттин катышуучуларына Кыргызстан демилгелеген сунушту Бириккен Улуттар Уюмунда ишке ашырууга, тагыраагы, «2022-жыл — Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялоого кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM