Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров бир катар ооруканаларды кыдырды

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 172 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигинде кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жана коронавирус инфекциясы дартынын күчөп кетүү ыктымалдыгына даярдык маселеси талкууланды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы медициналык мекемелердин коронавирус инфекциясынын күчөшү ыктымалдыгына толук даярдыгын камсыздоону тапшырды.

Кеңешменин алкагында ведомствонун ишинин актуалдуу маселелери, анын ичинде кадрдык маселелер, медициналык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу, медкызматкерлердин штаттык расписаниесин оптималдаштыруу, саламаттык сактоо тутумун санариптештирүү маселеси талкууланды.

Акылбек Жапаров ошондой эле Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, Медициналык тез жардамдын Шаардык балдар клиникалык ооруканасына барды.

Ал медициналык мекемелердеги бейтаптарды дарылоо жана дарылануу шарттары менен таанышып, медицина кызматкерлери менен баарлашып, аталган ооруканалардагы актуалдуу маселелерди чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM