Эркин Тавашаров «Электр станциялары» ачык акционердик коомуна жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Тавашаров 2021-жылдын февралынан бери «Электр станцияларын» башкарып келген Талайбек Бектеновдун ордуна келген.
Эркин Тавашаровдун жогорку техникалык билими бар. Ал Жалал-Абад мамлекеттик университетинин инженердик факультетин, Чехиядагы Брно техникалык университетин жана Малайзия университетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1999-жылы Токтогул ГЭСинде электрик кызматынан баштаган.
«Электр станцияларына» дайындалганга чейин Энергетика министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору болуп иштеген.