Connect with us

Пекин: Олимиадага Кыргызстандын атынан ким чыгары айтылды

Кыска кабар , Спорт | 24 Янв 2022 | 492 | 0

Пекинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан лыжачы Максим Гордеев катышат. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинен кабарлашты.

Гордеев Кыргызстандын чемпиону жана спорт чебери. Үч дүйнөлүк чемпионаттын, эки кышкы универсиаданын катышуучусу.

Акыркы жылдары Максим Гордеев Иран, Армения, Швеция, Орусия, Италия, Швейцария, Австрия, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарында өткөн мелдештерге катышкан. Негизгиси 2021-жылдын ноябрында БАЭде өткөн квалификациялык турнир болду. Анда ал быйылкы Олимпиадага катышуу укугун алган.

Олимпиадага Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамында Максим Гордеев менен машыктыруучусу Игорь Борисовдон тышкары, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева да болот. Эл аралык олимпиада комитетинин чакыруусу менен УОКтун президенти Садыр Мамытов жана башкы катчысы Кылычбек Сарбагышев барат.

Пекинде кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февраль аралыгында өтөт.

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун да 3-5-февралда Кытайга сапары белгиленген. Анын алкагында президент Бээжиндеги кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM