Президент Садыр Жапаров 20-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев менен жолугушкан.
Анда Баткен облусунун өзгөчө макамы, анын алкагында каралган жеңилдиктер боюнча чечим кабыл алынган.
Чечимге ылайык, Баткен облусундагы 62 айылдын тургундарына төмөнкүдөй жеңилдиктер берилген:
- Буга чейин пенсиянын орточо көлөмү 5500 сом болуп келсе, мындан ары ар бир пенсионерге 2 миң сомдон кошуп берилет;
- Ал эми 16 жашка чейинки балдарга берилүүчү жөлөк пулдун суммасы эки эсе көбөйөт;
- Электр энергиясын 50% жеңилдик менен төлөйт;
- Айылдардагы дарыгер, мугалим, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлөт;
- Жогоруда айтылган кызматкерлердин эмгек акысынан алынуучу киреше салыгынын өлчөмү 10%дан 5%га азайтылат;
- Айыл эли пайда салыгынан жана сатуудан алынган салыктан бошотулат;
- Ооруп калгандар 50% арзандатуу менен дарыланышат, паразитологиялык изилдөөлөр да ушундай эле жеңилдиктер менен жүргүзүлөт;
- Соттолбогону тууралуу маалымкаттар акысыз берилет.
Баткен облусуна инвестиция салган ишкерге 1 млн доллар өлчөмүндө мамлекеттик кепилдик берилет. Бул сумма башка аймактарда 3 млн доллардын айланасында эсептелет. Мунун ичинен тоо-кен тармагына 10 млн доллар (башка аймактарда 20 млн доллардан кем эмес) кепилдик каралат. Андан тышкары инвестор тарткан зыяндын орду мамлекеттин эсебинен толтурулат.
Президент Садыр Жапаров айтылган сунуштарды колдоого алды. Мамлекет башчысы кыска убакыт аралыгында тийиштүү нормативдик-укуктук процедураларды соңуна чыгарып, аталган сунуштарды 2022-жылдын 1-мартынан тартып ишке ашырууну тапшырды.
Бул сунуштарды президент Садыр Жапаров колдоого алып, чечим кабыл алып, Министрлер кабинетине тапшырма койгон.
Сунуштар ушул жылдын 1-мартынан тартып ишке ашат.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-сентябрында «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамга кол койгон.
Сыргагул
24.01.2022 18:15
Баткен облусундагы жолок пул алуу да уч баладан ашык торогондорго баарына бирдей толонот деген соз чыккан болчу ал качан иш жүзүнө ашат портерин бар жерин чон ар кандай себептерден улам жолок пул берилбейт
Дамира
25.01.2022 11:26
Саламатсыздарбы мен азыркы учурда 4-балама декретте олтурам куйоом иштегенине байланыштуу мага жолок пул берилбейт экен анын айлыгы жол кире бензин обетинен артпаса мен 4 баламды кантип багамын мамалекеттен мага кандай жардам болот бар жок кымбатчылык болсо 1 литр май 180сом болуп жатса ушул жактарын да караштырса жакшы болот э