Биз менен байланышыңыз

Баткенде өкмөттүн биринчи көчмө жыйыны февралда өтөт

Кыска кабар | 24 Янв 2022 | 156 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу боюнча президенттин тапшырмасынын аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө чек арага жакын 62 конуштун тизмеси бекитилип, аларга айрым салык, жер, экономикалык жана башка жеңилдиктер берилери айтылды.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, февраль айынын экинчи жарымында Министрлер кабинетинин биринчи көчмө жыйыны Баткен облусунда өтөт.

«Министрлер кабинети жеңилдетилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан тышкары, Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан 62 айылынын тургундарынын пенсиясын 2 миң сомго көтөрөт. Ошондой эле жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү, чек арага жакын жайгашкан 62 айылда жашаган социалдык кызматкерлердин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү да каралууда», — деп белгиледи Кожошев.

Ошондой эле ал 15-февралга карата бардык ченемдик-укуктук актылар Министрлер кабинетинин көчмө жыйынында бекитүү үчүн даяр болушу керектигин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM