Биз менен байланышыңыз

«Алай» футбол клубунун 2 оюнчусу жол кырсыгынан каза болду

Кыска кабар | 21 Янв 2022 | 307 | 0

«Алай» футбол клубунун президенти, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жол кырсыгынан каза болгон «Алай» футбол клубунун оюнчулары Асад Алимов менен Жахонгир Махмудовдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Биз «Алай» футбол клубунун эки тарбиялануучусунун жол кырсыгынан улам жарык дүйнө менен кош айтышканын терең кайгыруу менен оор кабыл алдык. Каргашалуу кырсыктан көз жумган футболчулардын туугандарынын, жакындарынын, досторунун жана кесиптештеринин аза кайгысын тең бөлүшүп, сабыр тилейбиз», — деп кайрылган мэр.

Кечээ «Алай» клубунун эки оюнчусу Баткенден Ошко келе жатканда жол кырсыгынан каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM