Биз менен байланышыңыз

Саясатчы Бактыбек Калмаматов абактан бошотулду

Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 8020 | 1

Камактагы саясатчы Бактыбек Калмаматов соттун чечими менен бошотулду. Бул тууралуу «Азаттык» партиясынын лидери Исмаил Исаков «Маралга» кабарлады.

Бүгүн, 20-январда Бишкек шаардык сотунун коллегиясы Калмаматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарды.

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда 11-январда камактагы саясатчы Бактыбек Калмаматовдун кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча жактоочуларынын арызы каралып, аны бошотуу өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Бактыбек Калмаматов 22-декабрда түнкүсүн «Манас» аэропортунан кармалган. Ага «расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айып тагылган.

Саясатчынын тарапташтары коюлган айыпты четке кагып, саясий куугунтук катары сыпаттап келишет.

Физикалык да, психикалык да саламаттыгыңызга жардам бере турган 50 адат

Copyright © 2017 Maral FM