Биз менен байланышыңыз

«Бизнести үйдө отуруп деле баштаса болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Янв 2022 | 351 | 0

Жөнөкөй адам бизнесин үйдө отуруп эле баштаса болот. Мындай пикирин Иджу Трейд ишканасынын директору Жоомарт Чыныстанов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал  белгилүү Куликовский кондитердик үйүн мисал катары келтирди. Учурда 1,5 миң адамды жумуш менен камсыздап жаткан бул бизнес батирдин 9 чарчы метр ашканасынан башталган.

«Башкалар деле баарын жөнөкөй үйдөн баштап, ошол элге жакса, ошону чоңойтуп өстүрүп кетсе болот. Буга эч кандай чоң суммадагы акчанын кереги жок. Жумушту баштай бериш керек. Сенин продукцияң эдге жагып, өтүмдүү болуп баратса ошондо гана чоңоюу тууралуу ойлонуу керек. Инвестор табасыңбы, же партнер табасыңбы, же башка жолдор мененби, ар кандай финансылык ресурстарды караш керек», — дейт ал.

Анын айтымында, азыр кондитер азыктарын бүт баары эле үйдө отуруп бышырып, Инстаграмдан, соцтүйүндөрдөн жарнама кылып сатып атат.  Акырындап үйрөнүп, соодасы жакшы болгондон кийин эле чоңоюп өсүп кетип атат.

«Ошентип эле баары өссө болот. Чоң акчанын кереги жок. Нанды деле үйдөн бышырып сатса болот. Гараждай болгон жерге эле кичинекей мешти коюп алып, канча деген продукцияны чыгарып атышат. Ошентип баштап туруп эле чоңоюп кетип жатышат. Акырындап өстүрүп, экспортко чыкса болот. Биринчи  өзүбүздүн калкыбызды камсыз кылып алсак,элибиз жактырса, анан чет өлкөгө жагабыз да, туурабы? Өз элибиз жактырбаса, аны экспорт кылуу эрте»,  -дейт Чыныстанов.

Ал учурда YouTube аркылуу баарын үйрөнсө болорун, андан тышкары курстар, окутуучу жайлар көбөйүп кеткенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM