Биз менен байланышыңыз

Санариптик өнүктүрүү министрине сунушталган Имановдун программасы

Саясат | 18 Янв 2022 | 1193 | 0

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна президент Садыр Жапаров сунуштаган Талант Имановдун талапкерлигин колдоду. Ал 2020-жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоого «бийликчил» делген «Биримдик» партиясынан талапкер болгон.

Алгач сунушталган талапкерди Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. Абытовдун айтымында, Имановдун кесиби юрист, кыргыз, орус жана ангис тилдеринде эркин сүйлөйт. Акыркы 10 жылда «Дастан» ишканасында катардагы күзөтчүлүктөн баштап башкы директорлукка чейин көтөрүлгөн.

«Талантбек Иманов 1986-жылы 5-декабрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Үч-Кайнар айылында туулган. Билими жогору болуп, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Эмгек ишмердигин 2008-2010-жылдары «Дастан» ишканасынын күзөт кызматында баштаган. 2010-2011-жылдары «Газпром нефть Азия» компаниясынын технологиялык транспорт бөлүмүнүн башчысы, 2011-2014-жылдары — «Улан» ишканасынын директорунун режим боюнча орун басары, 2014-2017-жылдары — «Полигон» компаниясынын башкы директору, 2018-2020-жылдары «Улан» ишканасынын башкы директору, бир эле убакта «Дастан» ишканасынын өнүктүрүү боюнча директору болуп эмгектенип, 2020-жылдын мартынан баштап «Дастан» ишканасынын башкармалыгынын төрагасы болгон».

Талкуу маалында депутаттар мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштеген органдардын ишин, мекемелелер аралык электрондук байланыш системасын жакшыртуу, аймактардагы калкты тейлөө борборлорун өнүктүрүү багытындагы програмасын угушту.

Санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна талапкерлиги сунушталып жаткан Талант Иманов министрликтин тармакты 2019-2026-жылдарда өнүктүрүү программасы бар экенин белгилеп, алгачкы милдетин документтерди электрондук түргө өткөрүүдөн баштаарын айтты.

«Бүгүнкү күндө Министрлер кабинетинин алдын ала алып баруучу жумушу — документтердин баарын электрондоштуруу. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча интернетке туташтыруу иштери жасалып жатыптыр. Кыргызстан боюнча 516 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын 414ү бул электрондошуу программасына кошулуптур. Ошол жумушту аягына чейин жеткирүү керек. Муну карап көрө турган болсок, тутумга кирбеген Чүй менен Ош облустары калыптыр. Санариптик өнүктүрүү министринин 2022-жылга бекитилген планын карап көрө турган болсок, быйыл 97 иш-чара өткөрүшүбүз керек, 2023-жылы 50 иш-чара өткөрүшүбүз керек».

Аталган комитеттин төрагасы Бактыбек Сыдыков министрликтин кызматкерлеринин санына жана бюджетине кызыкты.

Талант Иманов бул боюнча мындай маалымат берди:

«Бүгүнкү күндө Санариптик өнүктүрүү министрлигинде жалпы 5946 адам иштейт. Борбордук аппарат болгон министрликте 159, Жарандык актыларды каттоо департаментинде 732, «Инфокомдо» 602, Мамлекеттик архив агенттигинде 848, «Кыргыз почтасында» 3413, Мамлекеттик байланыш агенттигинде 127 жана атайын байланышта 127 кызматкер-жумушчу иштейт. Министрликтин бюджети 570 млн сом болуп, анын негизги бөлүгү кызматкерлердин айлыгына жана коммуналдык төлөмдөргө кетет».

Комитетте төрт гана депутат суроо берип, айтылган маселелерден кийин сунушталган Талант Имановдун талапкерлиги жактырылды. Ошондой эле бул талапкерди Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитети да колдоп берди. Ошентип тармактык комитет Санарип өнүктүрүү министринин кызмат ордуна сунушталган Талант Имановдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

Эске салсак, Талант Иманов 2020-жылдын 20-декабрында «Дастан» ишканасынын директору кызматын аркалап турганда кармалып, «солго» кеткен миллиондор боюнча көрсөтмө берген. Буга чейин анын мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин эң жакын адамы Алексей Ширшовдун шопуру болгону айтылган. Ширшов 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Кыргызстандан качып кетип, Садыр Жапаров бийликке келгенде Бишкекке кайткан.

Copyright © 2017 Maral FM