Биз менен байланышыңыз

Роналду ФИФАнын атайын сыйлыгын алды

Кыска кабар , Спорт | 18 Янв 2022 | 381 | 0

«Манчестер Юнайтед» футбол клубунун жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду ФИФАнын атайын сыйлыгынын ээси болду.

Оюнчу бул сыйлыкты улуттук курама командада ойноп, рекорддук санда гол киргизгени үчүн алды. 2021-жылы Криштиану Португалия курама командасында 115 гол киргизген, муну менен мурдагы ирандык чабуулчу Али Даиден (109) озуп кеткен.

«ФИФАнын атайын сыйлыгын алуу — чоң сыймык жана артыкчылык. Ушундай абройлуу уюмдун мени курама команданын деңгээлинде чабуулчу атаганы мен үчүн сүйүктүү өлкөмдүн курама командасындагы жеке жетишкендиктин туу чокусу», — дейт футболчу.

«Алтын топ-2021» үчүн добуш берүүдө португалиялык чабуулчу 6-орунга ээ болгон.

Бул сезондо Роналду «Манчестер Юнайтеддин» курамында 22 беттешке чыгып, 14 гол киргизип, 3 голго пас берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM