Биз менен байланышыңыз

Президент: Экономика начарлады дегендер — кызматка келгиси келгендер

Кыска кабар | 17 Янв 2022 | 2614 | 1

Президент Садыр Жапаров «Вечерний Бишкек» басылмасына курган маегинде экономика начарлап кеткенин айткандарды сындады.

Жапаровдун пикиринде, «экономикабыз начарлап кетти, жаңы жылдан кийин дагы начарлайт» дегендер — өздөрүн бийликте көргүсү келген саясатчылар.

«Алардын ою боюнча өздөрү министр болуп, бир креслого отуруп калса, Кыргызстандын телегейи тегиз, баары «жипке тизгендей» болуп калат. Өздөрү кызматта жок болсо, «баары өлдү,  тиги тармак өлдү, бул тармак өлдү» деп наалып жүрө беришет. Андайларга көп ишене бербегиле. Менин ар бир жасаган ишим, кабыл алган чечимдерим мамлекеттин, жалпы элдин гана кызыкчылыгына болот. «Жети өлчөп, бир кесебиз», мага ишенгиле. Менин максатым — тарыхтын ак барактарында ак кызматым менен калуу», — дейт Жапаров.

Президенттин маалыматы боюнча, азыр бюджетте 500 млн доллар бар.  Январь айына 500 млн доллар менен кирүү деген Кыргызстандын тарыхында болгон эмес.

«Азыр бул акчаны бөлүштүрүп жатабыз. Февраль айынан баштап дыйкандарыбызга, фермерлерибизге 6 пайыз менен үч жылга чейин «Айылбанк» жана РСК банктары аркылуу кредиттерди бере баштайбыз. Жери, фермерлик чарбасы бар ар бир кыргызстандык кредит ала алат. Буга 15 млрд сом бөлүүдөбүз. Ипотекалык компанияга 5,5 миллиард сом берип жатабыз. Булар азыр кезекте турган мамлекеттик кызматкерлерге турак жай берип бүтсө, андан кийин каалаган жарандарыбызга 25 жылдык мөөнөт менен бере башташат. 1,5 миллиард сом үрөн жана жер семирткичкерди сатып алуу үчүн бөлүп бердик. 1 миллиард сом ирригацияга бөлдүк. Кыскасы, кайсы тармактагы маселени ыкчам чечиш керек болсо, ошол тармактарга беребиз», — деп айтылат Жапаровдун маегинде.

1 пикир

1 пикир

  1. Чынара

    17.01.2022 17:04

    Ообада. САДЫР жапаровга ишине ийгилик ушуну менен кыргызстаныбыз кулдойт деп ишенем Алла ыразычылыгын берсин денсоолук каалайм.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM