Биз менен байланышыңыз

Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берүүдө

Кыска кабар | 14 Янв 2022 | 2037 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров бүгүн, 14-январда Башкы прокуратурага суракка кирди. Мындай маалыматты аталган партиянын мүчөсү Мирбек Мунарбек уулу «Маралга» тастыктады.

Мирбек Мунарбек уулунун айтымында, кайсы маселеге байланыштуу чакырылгандыгы белгисиз.

Адахан Мадумаров эртең мененки саат 9:30дар чамасында суракка барган.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, депутат кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселеси боюнча суралууда.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 23-октябрында өткөн маалымат жыйында кыргыз-тажик чек арасы тууралуу суроолорго жооп берип жатып, Тажикстан менен чек ара маселесин тактоо кыйын болуп жатканын айткан.

Жапаровдун айтымында, Төрт-Көчө тилкеси боюнча Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров кол койгон протокол Кыргызстан үчүн пайдалуу болгон эмес жана тоскоолдук жаратып жатат.

«Ал мындай кол коюптур, 275 метр жер Тажикстандыкы экенин тааныйм деп протоколго кол коюптур да, бирок кайра 49 жылга бизге ижарага берип тургула деп кол коюптур. Ошону менен ижарага алгансыңар деп жатышат, 12 жылы өттү, 37 жылдан кийин же жабабыз, же кайра сүйлөшүүлөрдүн негизинде узартабыз деп жатат. Мен айтып жатам, ал кезде Мадумаровдун кол койгонго акысы болгон эмес. Эч ким аны ыйгарым укук берип жиберген эмес деп айттым. Бул протокол юридикалык жактан жарабайт деп айтып жатам. Бул — юридикалык документ эмес», — деп айткан Садыр Жапаров.

Саясатчы Адахан Мадумаров 2019-жылы «Маралга» берген маегинде сөз болуп жаткан протокол 100 пайыз туура болгонун айткан.

— Бул протокол 100 пайыз туура болгон. Негизи протокол деген үмүт. «Ушундай ишке андан ары кетели» дегендик. Эгемен кыргыз жолу курулуп келди, анан Көк-Ташка келгенде токтоп калды. Биз жолду улантышыбыз керекпи, же токтотушубуз керекпи? Эки жолу бар: согушушубуз керек же делимитация, демаркация маселеси чечилгенге чейин биз алардын «бизде» деп жаткан жолун алабыз. Бизде деп жаткан жерден алар ток алып өтөт. Эгерде Жогорку Кеңеш күчтүү, сабаттуу болуп, шартты аткарбагандыгы үчүн Мадумаровдун кол койгон протоколун жокко чыгарып койсо болот», — деп айткан Мадумаров.

Copyright © 2017 Maral FM