Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Казакстан парламенти жаңы өкмөт шайлайт

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Янв 2022 | 451 | 0

Бүгүн, 11-январда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин жыйынына онлайн катышат. Бул тууралуу «Хабар-24» телеканалы маалымдады.

Жыйында ал Казакстандын өкмөт башчысын, өкмөттүн жаңы курамын сунуштайт. Аны менен бирге өкмөткө бир катар тапшырмаларды берип, милдеттери жүктөөрүн айтат телеканал.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын Алматы, Актау, Жаңаөзен шаарларынын тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тынчтык митинг Казакстандын түштүк аймактарынын баарына жайылып, акыры башаламандыкка, тополоңго айланып кеткен.

Кырдаалдан улам Касым-Жомарт Токаев Казакстан Коопсуздук кеңешинин төрагасы Нурсултан Назарбаевди, премьер-министр Аскар Мамин баштаган Казакстандын өкмөтүн отставкага кетирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM