Казакстанга жөнөтүлгөн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери Алматы шаарынын ЖЭБ-2 стратегиялык объектисин кайтарышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
7-январда Кыргызстандын 150 аскери Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге ылайык, тынчтыкты орнотуу миссиясынын алкагында Алматыга жөнөп кеткен.
ЖККУнун тынчтык миссиясы Казакстанга кандай шарт менен кирет?