Бүгүн, 10-январдан тарта президент Садыр Жапаров эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчы эмгек өргүүдө болсо да, өлкөдөгү жана чөлкөмдөгү кырдаал тууралуу толук маалымат алып турары, Министрлер кабинетинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилиги менен байланышта болору маалымдалды.
Президенттин канча убакытка өргүүгө чыкканы так айтылган жок.