Биз менен байланышыңыз

Жапаров Токаевге Казакстандагы окуяларга байланыштуу көңүл айтты

Кыска кабар | 10 Янв 2022 | 400 | 0

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевге Казакстанда болгон кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтты.

«Казакстанда болуп өткөн кайгылуу окуяларды терең тынчсыздануу менен жүрөгүм ооруп кабыл алдым. Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан Казакстандын тынч калкынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн курман болгондугуна байланыштуу жалпы улуттук аза күтүү күнүндө сизге жана боордош казак элине терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Садыр Жапаров эки мамлекеттин көп кылымдык тарыхый, руханий жана маданий жалпылыгына таянып, Казакстан Кыргызстандын ишенимдүү кошунасы жана стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп, ар дайым колдой турганын билдирди.

Казакстанда эл 2-январда суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгып, бааны арзандатууну талап кылып, митингге чыгышты. Каршылык акциялары Казакстандын ар кайсы аймагында өттү.

Copyright © 2017 Maral FM