Казакстандын Павлодар, Кызылорда, Талдыкорган жана Атырау шаарларында интернет иштей баштады. Бул тууралуу РБК сайты жазды.
Мобилдик жана зым менен туташылган интернет Алматыда да жандырылды.
2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин ал өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.
Башаламандык башталгандан эки күн өткөндөн кийин Казакстанда интернетке кирүү бөгөттөлгөн.
5-январда Казакстандын бардык аймагында интернет өчүрүлгөнүн NetBlocks интернет тармагын көзөмөлдөө кызматы билдирген.
8-январда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында зым менен туташылган интернетке кирүү калыбына келтириле баштаган.