Бишкек шаарында өз жанын кыюуга аракет кылган жигит куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
ӨКМге «Азия Молл» соода борборунун жанында салынып жаткан үйдүн тогузунчу кабатынан бир адам боюн таштаганы жатканы боюнча маалымат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык бөлүмүнүн 5 куткаруучусу барып, атайын сүйлөшүүлөр аркылуу 30 жаштагы жигитти куткарып калышкан.
Жигиттин мындай кадамга баруусуна эмне түрткү болгонун тактоо максатында ички иштер органдарынын кызматкерлери сурак жүргүзүп жатат.