Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттешүү күнү белгиленди

Кыска кабар | 10 Янв 2022 | 168 | 0

Акжол Махмудов менен Роман Власов 2022-жылдын 28-майында беттешет. Бул тууралуу спортчулар социалдык тармактарга жазып чыгышты.

Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси менен Олимпиаданын эки жолку чемпиону Бишкектеги «Спартак» стадионунда күч сынашат.

Кечээ, 9-январда Акжол Махмудов менен Роман Власов биргелешкен машыгууларды, ошондой эле жаш балбандардын катышуусунда чеберчилик сабак өткөрүштү.

Буга чейин 31 жаштагы Роман Власов Акжол Махмудовду күрөшүүгө чакырган. Акжол бул чакырыкты кабыл алып, беттешти Бишкекте өткөрүүнү сунуштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM