Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: «Ак-Тилек » өткөрүү жайы штаттык режимде иштеп баштады

Кыска кабар | 9 Янв 2022 | 335 | 0

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 8-январы саат 19.30 карата «Ак-Тилек-унаа жол» (КР) — «Карасу-унаа жол» (РК) өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп баштады.

Ага ылайык:

-COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө уруксат берилди;

-COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен «Ак-Тилек-унаа жол» өткөрүү жайы аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз транспорт каражаттары кирип чыга алышат.

Эскерте кетсек, Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы башка көзөмөл өткөрүү жайларында убактылуу чектөөлөр бар.

Copyright © 2017 Maral FM